Ж. Турусбеков жөнундө сөз болгондо аны менен өз учурунда кыргыз көркөм маданиятын түптөөнүн азаптуу татаал түйшүгүн бирге тартышкан замандаш калемдештери акындын кезегинде сүрөткер катары абыдан бышык, чыгаан, а түгүл алдыга ат чабымдай озо чыккандыгын бир ооздон белгилешет. Мунун чындык экенин 20—30-жылдардын адабиятына салыштырмалуу караганда акындын чыгармаларынын өзү да ырастап турат.