АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

Добавил | 01.08.2017
А. Токтомушев 1912-жылы 15-июлда азыркы Кемин районундагы Чоң-Кемин кыштагында батрактын үйбүлөсүндө туулат. Анын өмүр жолунун башталышы 1916жылкы эл үркүнүнө, андан кийинки Улуу Октябрь революциясынын жер-жерлерде толук орношуна чейинки оор күндөргө туура келди. Тестиер курагын Турпан тоолорун жөө-жалаңдап ашуу менен баштап, ата-энесинен бир туугандарынан ажырап, дунган айылы Каракоңузда жалгыз калды. Атасы Муса деген дунган байында малай жүрүп, кордолуунун чегине жеткенде дүйнөдөн кайтса, жетимче Абдрасулду аяп төрт балалуу дунган аял багып алат. Ал жөнүндө акын өзү мындайча эскерет: «Мени дунган энем ушинтип кичинекей соодагер кылып үйрөтө баштаган эле.

 

Рефератты көчүрүү