А. Токомбаевдин чыгармачылыгы Ташкен шаарында Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүргөн кезегинде башталган. 1923—жылы анын «Биринчи строфа» жана «Эски чоң» аттуу ырлары ошол окуу жайында чыгарылуучу «Интернационал» журналына, ал эми «Курманбек» эпосунун ыр жана кара сөз түрүндө жазылган кыскача версиясы «Шолпан» журналына казак тилинде жарыяланган. Үркүн учурунда тарткан азаптары жүрөгүнө өчпөс так салган студент Аалы 1924-жылы В. И. Лениндин өлүмү жөнүндөгү кабарды өзгөчө катуу кабыл алган.