СЫДЫК КАРАЧЕВ

Добавил | 01.08.2017
«Сыдык Карачев өзүнүн чыгармачылык ишин 1918жылы ыр жазуудан баштайт»,— деп кабарлаган бир макаласында 3. Ч. Мамытбеков. — Анын улуу Ленинге арналган ыры 1918-жылы «Шуро» («Совет) деген татар газетасында жарыяланат».

Бир жагынан С. Карачевдин адабияттагы иш-аракети 1918-  жылдан, б. а. тигил жарыяланган ырынан башталат деген пикир да күнөм санатат. Анын ошол жылга чейин эле татарча (балким, кыргызча да) ыр жазып жүрүшү ыктымал. Себеп дегенде ар кандай акын ырлары басма сөз бетинен «бөртүп» чыкканча китептик поэзиянын үлгүлөрүн туурап уйкаштуу саптар окуп, ыр кураштыруунун жөнөкөй техникасын өздөштүрүп, жок эле дегенде үчтөрт жылдай чыгармачылык үйрөнүү мектебинен таалим алат эмеспи. Болжолу, Сыдык да ушундай универсал эрежеден сырткары калбаса керек.

 

Рефератты көчүрүү