ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ

Добавил | 01.08.2017
 ШАПАК Рысменде уулу (1863, Кочкор өрөөнү, Шамшы айылы — 1956, Кара-Суу айылы) — манасчы. ШАПАК  бала кезинен ырга, көркөм сөзгө кызыгып, аны жатка айтып берүүгө абдан шыктуу болгон. Шапактын  «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары ШАПАК  он үч жашта болгон. Кийин жыйырма жаш курагында Балыктын уулу Найманбай менен жакшы жолдош болуп, «Манас» айтууну үйрөнө баштайт.

 

Рефератты көчүрүү