Кыргыздын белгилүү патриот уулдарынын бири, тарыхчы, элдик оозеки чыгармаларды жыйноочу, изилдөөчү жана акын Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң-Кеминдеги, мурдагы аталышы боюнча Экинчи Жантай айылында, Аюке уругунда (азыркыча Тегирменти айылында) жарды үй-бүлөдө туулган. Наристе жарык дүйнөгө келбей жатып үч ай илгери атасы Солтонкелди көз жумуп, апасы Кыргый эски салт боюнча Солтонойдун никесине өтөт. Ошондон улам Солтонкелди уулу аталбастан, Солтоноев болуп калат.