Акын дегендин аты акын. Башка аты жок. Бирок, акындын да акыны болот. Алардын өзүнө жараша үлүшү, калтырган изи, өз орду бар. Ар бир өнөрлүү адамдын же акындын жаккан ырларын ооздон-оозго аңыз кылып айтуу — тээ атам замандан келаткан биздин элибиздин салты. Ошол уламадан уланып келе жаткан мыкты залкар акындарыбыздын бири — Жөжө. Ал акындын ырлары толук жазылып калынбаса да, кай бирлери ооздон-оозго айтылып келе жатат.