Калыгул реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбай турган, ошону менен бирге эле аты, иштеген иштери легендага айланып, Калыгул олуя — деген лакап ысмы аңыз кептердеги Асан кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Акыл Карачач сыяктуу ысымдар менен бир катар айтылып калган улуу инсан.
Болжол менен Калыгул XVIII кылымдын акыркы чейрегинин ичинде дүйнөгө келип, XIX кылымдын биринчи жарымын толук көргөн делинип эсептелинет. Окумуштуулар арасында кабыл алынып пайдаланылууда жүргөн салт боюнча ал адам 1785-жылы туулуп, 1855-жылы бул дүйнөдөн кеткен. Бирок, ошол эки датанын экөө тең, айрыкча биринчиси, чынында шарттуу.