Адам рухунан эмне жаралса, ошонун баары эле өлбөс, өчпөс байлыктардын кенчине кошумча болуп кирбейт. Тарыхта жашап калуу укугу да ар кимдин жеке бактысына туш келе бербейт. Ошолордун ичинен мезгилдин катаал жана адилет сынынан өткөндөрү, бүгүнкүгө да, эртеңкиге да, келечекке да таандык боло алчу эң маанилүүлөрү гана узак өмүр сүрө алат. Мына ушундай сейрек жолукчу таалай кыргыздын даңазалуу ак таңдай ырчысы, акындар поэзиясынын классиги Барпынын шыбагасына да туш келген экен.