Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев (1921) чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында баштаган.
Согушта жаралуу болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал Буденный райондук «Сталиндик жеңиш”, Талас областтык «Лениндик туу” газеталарында кызматкер болуп иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат.