Кытайга качып-бозгон кыргыздардын кайра өз жерине келүүсүнө мүмкүндүк ачып берген Октябрь төңкөрүшүп, анын эркиндик, теңдик деген идеяларын жан дили менен кабыл алып, жаны заманды жар салып ырдаган көрүнүктүү кыргыз акындарынын, жазуучуларынын бири Мукай Элебаев (1902-1944). Жаштайынан жетим калып, 1916-жылы көтөрүлүшчүлөр менен бирге Кытайга сүрүлүп, ар кимге малай жүрүп, эр жеткен М.Элебаев 19 жашка келгенде араң кат тааныйт.