БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ

Добавил | 23.07.2017

Юнусалиев Б.М. 1913-жылы 6-октябрда Чуй областына караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында тѳрѳлгѳн.1970-жылы 18-февралда каза болгон. Кыргыз совет тилчиси,турколог, «Манасты”изилдѳѳчү,коомдук ишмер. Кыргы ССР ИАнын академиги (1954), филология илимдернин доктору (1954),профессор (1954),Кыргыз ССРнин илимге эмгек синирген ишмери (1963). 1938-жылдан КПСС мучѳсү. 1933-1935 Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатына инспектор.1935-1938-жж Москвадагы ВКП(б) БКнын жогорку партия курсун окуган. 1938-1941-жж «СССР Жогорку Советинин ведомостторунун” кыргызча басылышынын редактору. 1941-1945-жж Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 3-Белорусь фронтунда фронттук газетанын редакторуна орун басар, кабарчы болуп иштеген. 1945-1951-жж Кыргыз ССР элге билим беруу министри,1954-1960-жж КМУнун (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) ректору жана кыргыз тил кафедрасына башчы. 1960-ж ѳмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасында профессор жана Кыргыз ССР ИАнын «Манас» секторунда илимий кызматкер. 109 илимий эмгектин автору. Жарыяланбаган эмгектери Кыргыз Улуттук университетинде сакталуу. Юнусалиевдин лингвистика эмгектери кыргыз тилинин тарыхына, анын диалектилери менен карым-катнашына жана жазма адабий тилинин калыптанышына арналган : «Кыргыз адабий тилинин маанилуу маселелери» (1954), «Адабий тилибиздин диалектилик базасы» (1962), «Кыргыз тилин изилдоонун абалы жонундо” (1970), «Кыргыз диалектологиясы» (1971), орусча жазылган «Кыргыз тилинин жалпы элдик белгилеринин калыптаныш проблемалары» (1955), «Жалпы элдик кыргыз тилинин калыптаныш маселесине карата” (1956), «Кыргыз лексикологиясы” (1959), »Кыргыз тилинин тарыхы боюнча макалалар» (1965),»Кыргыз тил» (1966),»Молд Нияздын санаттарындагы диалектилик озгочолуктор» (1970) ж.б.»Кыргыз лексикологиясы» менен «Кыргыз диалектологиясы» Юнусалиевди окумуштуулук арымын аныктаган фундаменттуу эмгектери «Кыргыз лексикологиясында» кыргыз тилчилеринен биринчи болуп,салыштырма-тарыхый методду кенири колдонуп,кыргыз тилинин тарыхын турк тилдеринин тарыхы менен тыгыз байланышта иликтейт,кыргыз лексикасына (унгу сѳздѳр) терен илимий талдоо жүргүзѳт. «Кыргыз диалектологиясында” кыргыздын жалпы элдик тилинин калыптаныш процессин доорлорго (этаптарга, мезгилдерге) бѳлүштүрѳт, кыргыз диалектилери менен говорлорунун тарыхына кенири токтолуп, аларды далилдуу фактылар аркылуу классификациялайт. Ошондой эле кыргыз мектептери үчүн «Алиппе» (Фрунзе, 1935-1937-жж 3-жолу басылган) да жазган. Юнусалиев кыргыз фольклоруна, айрыкча улуу эпос «Манасты» изилдѳѳгѳ кѳп кѳнүл болгон. «Манас” эпосунун доору жана келип чыгышы жѳнүндѳгү маселелерге карата» (1952), «Манас” (кыскарта бириктирилген 4 томдукка кириш соз; 1958-ж), «Манас эпосу туралуу» (ѳзбекче басылышына кириш сѳз; 1964-ж), орусча жазылган «Манас эпосунун кошунду вариантын тузуу тажрыйбасы жѳнүндѳ» (1961-ж), «Улуу эпос ,укмуштуу жомокчу” (1967-ж), «Кыргыздын баатырдык эпосу Манас” (1968-ж) ж.б. Манастын 4 томдугу (1958-1961-жж), «Орусча-кыргызча создук” (1957-ж),орусча чыккан «Түрк тилдеринин диалектологиясынын маселелери» (1968-ж) баш болгон бир канча коломдуу эмгектери редакцияланган. Юнусалиев «Советская туркология», Кыргыз ССР ИАнын кабарлары ж.б журналдардын редколегиясына мучо болгон.Кыргызстан КПБКнын мучосу, Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайл) депутаты. «Кызыл Жылдыз”, «Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Юнусалиевдин ысымын Кичи-Кемин орто мектебине жана Бишкек шаарынын кѳчѳлѳрүнѳ (мурунку Карл Маркс кѳчѳсү) берилген.

Кошкон Элиза Сталбекова.