Түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири «Эр Төштүк». Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу жана көп версиялуу чыгарма. «Эр Төштүктүн» варианттары, версиялары кыргыз элинен башка да тектеш, түрк тилдүү элдердин көпчүлүгүндө жолугат. Булардын ичинен С. Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос «Сырттан Төштүк» классикалык үлгү катары бааланып, орус, француз сыяктуу дүйнөлүк чоң тилдерге которулуп, жер жүзүндөгү көптөгөн элдерге белгилүү боло баштады.