«Эр Табылды» Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос. Бизге Актан Тыныбековдун вариантынан башка эки варианты белгилүү. 1923-жылы К. Мифтаков ошол кезде Сыр-Дарыя областы, Олуя-Ата уезди аталган аймактын тургуну Дыйканбай уулу Ырысбайдан жазып алган нуска али да Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Манастаануу жана көркөм өнөр борборунун корунда сакталууда.