1. Кыргыз тилинин сөздүктөрү жөнүндө түшүнүк.
2. Сөздүктөгү шарттуу кыскартуулар.
3. Сөздүктөрдүн түрлөрү.
Энциклопедиялык сөздүктөр нагыз энциклопедиялык сөздүктөр жана тармактык энциклопедиялык сөздүктөр деп экиге бөлүнөт. Нагыз энциклопедиялык сөздүктөрдө маанилүү илимий- техникалык терминдер, көрүнүштөр, буюмдар, жер – суунун, адамдардын, шаар – кыштактардын аттары кеңири мүнөздөлүп берилет. сүрөттөр, схемалар, библиографиялар менен жабдылат. Энциклопедиялык сөздүктөн баардык илимдин тармактары боюнча кабар алууга болот. Алар универсалдуу келет.