Жаңы закон

Добавил | 02.08.2017

Биринчи семестр. Физика сабагы боюнча сессияны убагында бере албайкалгандыктан, кийин кайтадан берип жатканбыз.  Чоң лабораториялык аудиторияда «Т» тамгасында отургучтар коюлуп, бир нече мугалимдер өз студенттеринин «карыз сессияларын» алып жаткан.

Кечке сүйрөлүп, чала-була жооп берип «үч»  ала албай жатканыбызда бир студент эч жооп бере албай аябай жүдөдү. Аны сураса билбейт, муну сураса билбейт. Дөңгөч болуп отуруп берди.

Акырында мугалим «зачёткасын» кучактатып кетирээрде студент тура калып — «Эми бир суроо бериңиз. Жооп берсем 3 коюңуз, жооп бербесем өзүңүз билиңиз» дей калат. Мугалим шылдыңдагандай жылмаюуу менен макул болуп суроосун берет.

Суроо: «Сүрүлүү күчү инерттүүбү?»

Болгону «ооба» же «жок» деген эки түр жооп үчүн студент катуу ойлонот. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, башын тырмап акыры жооп берет «Инерттүү». Мугалим өзүнө ыраазы болгондой «Эгер, сүрүлүү күчү инерттүү болсо, мен сенин «зачёткаңды»  коридорго ыргытканымда, зачёткаң кайра айланып келип алдымда туруп калыш керек». Үч сааттан бери студенттен жооп ала албай «баары бир» болуп калган мугалим зачётканы алып коридорго ыргытып жиберет.  Көп өтпөй коридордогу студенттердин добушу угулуп, «зачётка» кайрадан мугалимдин алдына келип түшсө болобу.

Эч кимде сөз жок. Мугалим акырын «зачётканы» ачып, баасын коюп берип жөнөткөн.