Жатаканадагы «үч тамга»

Добавил | 02.08.2017

Бир окуу жайга текшерүү менен комиссия келип калат. Ал убакта кеч күз болгондуктан эрте эле кеч кире турган. Бул окуу жайдын жатаканасы, вокзалдан университетке өтчү жолдо болчу. Ошол жатакананын шок студенттери сүйлөшүп алышып, комиссия өтүп бараткан убакта, баардык терезелердин жарыктарын өчүрүп, уят сөздү камтыган үч тамга көрүнүп калгандай кылып кээ бир терезелерди күйгүзүп коюууну чечишет.

Комиссия декан менен келе жатат дейт. Маңдайындагы жатаканада болсо караңгы терезелердин фонунда «үч тамга» күйүп турат. Анда да жөн күйбөстөн, жанагы үч тамга улам өчүп-күйүп, комиссиянын жинине тийген экен. Комиссия деканды катуу  коркутканбы, айтор, эртеси жатаканада териштирүү башталат.

Баардыгы билмексен болуп ийинин куушурат: «Менин бөлмөмдө жарык күйүп туруптурбу? А эмне болот экен? Мен китеп окуп жаткам (сабак жазып жаткам, телевизор көрүп жаткам… ж.б.)». «Меники өчүп туруптурбу? А эмне болот экен? Мен бөлмөдө жок болчумун (уктап жаткам, лампочка күйүп кеткен…).»

Кыскасы студенттердин баардыгы макоо, эч кимдин күнөөсү жок. Анда декан, комиссия кетип баратканда баягы кайра кайталанбасын деп, күйүп турган ар бир бөлмөгө жарыкты күйгүзбөш үчүн бирден активист коёт.

Бирок, баарынан кызыгы, комиссия кетип баратканда баягы «үч тамга» өчүп, калган терезелердин баардыгы күйүп калган экен.