
Владивосток университетинин физика факультетинин жатаканасында болгон окуя.
8 ноябрь. Эртең менен. (7 ноябрь – Жаштар күнү белгиленген.)
Бөлмөлөрдүн эшиктери чыгуучу узун коридордо, комиссия менен чогуу декан, жатакана боюнча экскурсия кылып келе жаткан. Бир убакта коридордун ортосунда уктап жаткан студенттин башы көрүнөт (денеси бөлмөдө, башы коридорго чыгып калган экен). Декан комиссия менен чогуу басып келип, бутунун учу менен студентти ойготот. Студент шашпай көзүн ачып, уйкулуу көзү менен бут кийимди көрөт. Анан декандын бутун, денесин көрүп, аягында бетин карап, «Ухх, жада калса түшүмө да декан кирип атканын» деп чала-була сүйлөп, кайрадан бүрүшүп жатып алса болобу.
(Декан кайдыгер жүзү менен студентти аттап, экскурсияны улантып кетиптир. Бирок эч кандай студенттик репрессия болгон эмес. : ) )