«Көзү жок, буту жок»

Добавил | 02.08.2017

Бул окуя 60-жж. Ленинград университетинин механика-математика факультетинде болгон.

Эки мугалим, биринин бир буту протез, экинчисинин бир көзү жасалма, экзамен алып отурушкан. Бир маалда буту протез мугалим жумуштар менен сыртка чыгып бара жатса, экинчи мугалим тамашалап «Бол батырак барып кел. Бир бутуң бул жерде, экинчи бутуң тигил жерде болсун», деп күлсө, анда буту жок мугалим «Макул. Сен да бул жакты жакшылап кара, бир көзүң менен бул жакты, экинчи көзүң менен тигил жакты», деп коёт дейт…  : )))