Экзаменде «Морзе алиппеси»

Добавил | 03.08.2017

Биздин универде ушундай окуя болгон.

Экзамен… Баардыгыбыз билет алып, жазып, даярданып отурабыз. Мугалим болсо отуруп алып эле ручка  менен партаны тыкылдатып аткан. Бир топко чейин ушинтип тыкылдатып отурду. Бир маалда 3 студент ордуларынан туруп, мугалимге зачеткасы менен барышты. Мугалим аларга «5» коюп, студенттер аудиториядан чыгып кетишет.

Көрсө, мугалим партаны тыкылдатып «Морзе алиппеси» менен «Ким 5 алгысы келсе, зачеткасы менен келсин» деген билдирүү таратыптыр. Бир студент аны түшүнө калып жанына эки досун ээрчите барган экен.