
Көп жыл мурда, Новосибирск университетинде окуп жүргөн учурум. Бизде сыйлуу, көптөгөн наамдары бар агай бар эле. Бирок канчалык кадыр-барктуу, канчалык «чоң адам» болбосун, ал ошончолук шайыр, ошончолук көңүлдүү жүргөн мугалим болчу. Ал агай жөнүндө студенттер көп күлкүлүү учурларды айта турган. Бир жолу мен дагы андай учурга күбө болдум.
Баардыгыбыз экзаменде отурганбыз. Шпаргалкадан көчүрүү эч мүмкүн эмес эле, анткени аудиториябыз кайдан карабагын бардык жерден алаканга салгандай көрүнүп турчу. Бирок, биздин агай жанындагы мугалимдерин сыртка жиберип ийип, өзү жаңы гезитти алып чыгып, чооң кылып жайып алып маңдайына кармап кызыгуу менен окуй баштады. Мындай чанда келген учурду коё бербей «Кудай» деп шпаргалкалардан көчүрө баштадык. Биз жазып бүткөнчө агай окуп бүтүп салбасын деп, бири-бирибизди карабай, ушунчалык бат ылдамдык менен жазып жаттык. Ошентип он мүнөттөй убакыт өткөн соң лектордун катуу үнү угулду
— «Көңүл бургула! Азыр гезитти котором!» :)))
Жеке мен андан кийин эч нерсе көчүрө алган жокмун.
Качанкы бир студент