АРМАН ЫРЛАРЫ

Кыргыз элинин оозеки поэзиясында лирикалык чыгармалардын алган орду чоң. Адам жан-дүйнөсүнүн түйшөлүүсүн, кайгы-капага түшкөн мун-зарлуу учурлардагы алахыбалдарын чагылдырган лирикалык чыгармалардын бир түрү — арман ырлары. Жаратылыштагы жарык-караңгы, ысык-суук сыяктуу контраст көрүнүштөрдөй, адам турмушу да кубаныч-шаттык, өксүк-армандар менен коштолуп, эриш-аркак жүрүп олтурат. Ансыз (карама-каршылыксыз) өсүү да жок. Ушул түшүнүктөн алганда көркөм чыгарманын мейли оозеки түрүндө, мейли жазма түрүндө болсун арман мотивиндеги ырлардын ырдалышы, жазылышы законченемдүү көрүнүш. Арман ырлары адамзат басып өткөн бардык коомдук формацияларда, жеке адамдын керт башына байланыштуу жана социалдык мазмундагы негизги эки топко ылайыкташа түзүлгөндүгүн колдо болгон материалдарга таянып айтууга болот.

 

Рефератты көчүрүү


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *