Элдик оозеки чыгармаларда көп учурларда окуя негизги бир каармандын тегерегинде өнүгүп, анын иштери, эрдиктери айрыкча бөтөнчөлөнүп көрүнүп турат. Ошондуктан чыгарманын темасы да, мазмуну да башкы каармандардын образы аркылуу чечилет. «Бостон» эпосундагы башкы каармандын иштеринин логикалык жыйынтыгы элдер арасында тынчтыкты, достукту орнотуу, гуманизм идеяларына барып такалат.