ЧОЮКЕ Өмүр уулу (1863, Каракол уездинин Түргөн болушу, Түргөн айылы — 1925, ошол эле жер) — манасчы. Арык уруусунан. Саякбайдын устаты. Манасчылыкка өтө кызыгып, Манас баатырдын жана анын чоролорунун мекенин көрөм деп 1900-жылдары Таласка барып, эпосто чагылдырылган жерлер менен таанышкан. Кытайдагы кыргыздар менен казактарга барып, «Манас» айткан учурлары болгон. Чоюкенин таржымалына, чыгармачылыгына байланыштуу айрым маалыматтар аны көрүп-билип, «Манасын» угуп калган кишилердин айтымында мындай эскерилет: «Чоюке кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулуп, турмушу жупуну өткөн. Ал «Манасты» 17 —18 жашынан айтып, 25—30 жаштар чамасында топко айтып чыккан. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» айтуу жагынан анын алдына киши чыкпаган». Ушул кезде да Чоюкеден уккандар андай эч ким айта албайт деп тамшанышат. Чоюке да «Манас» айтуусун башка манасчылар сыяктуу эле түш көрүү менен байланыштырган. Анын түшү төмөнкүдөй: Чоюке жаш кезинде анчамынча «Манас» айтып жүргөн учурунда Каркырадан келе жатып Кызыл-Кыянын Түргөнүндө уктап калып, түш көрөт. Түшүндө аксакал киши оозуна таруу куюп, бир кап тарууну үйүңө алып кет деп кошо берет да, Кызыл-Кыянын элинде мына ушундан баштап «Манасты» айта баштайсың деп айтып көздөн кайым болот. Ошо күндөн баштап «Манасты» жакшы айта баштадым», — деп эскерген ал.
Чоюкенин экинчи бир түрдөгү түшү мындайча айтылат: Каркырага жарманкеге барып келе жатып Кызыл-Кыяга келип талыкшып уктап калат. Бир оокумда бир аксакал киши келип: — Сен Чоюкесиңби? «Чоң казатты» айтасыңбы? (Ага чейин Чоюке «Чоң казатты» чолуп-чолуп ар кайсы жеринен айтып жүргөн). — Айтамын дейт Чоюке. Андан соң ал аксакал адам: эми кыбыла жакты карап тур, — дейт. Каражал аксур ат минип, кара калпак, боз чепкен кийип, тиги алдыда кырк чорону ээрчитип келе жаткан Манас баатыр. Анын соңундагы кызыл буурул ат минген, кызыл чийкил жаш бала бу Семетей. Андан ары Кең-Колду бойлоп көч баштап, алтымыш төөгө пул артып келе жаткан Кайыптын кызы Каныкей, анын артынан Темиркан кызы Чачыкей келет. Анан Чоюкеге аксакал күн чыгыш жакты көргөзүп: — Эми жаадай кара ат минип кытайдын каны Коңурбай кырк кечилди ээрчитип келет. Мурда көргөнүң Манас, азыр көргөнүң Коңурбай, бирин мусулман, бирин капыр дебей, экөөн тең айтасыңбы? — дейт аксакал. Чоюке: — Экөөнү тең айтам, — деп жооп берет. — Быйыл Кең-Колго барасыңбы? Манас баатырдын күмбөзүнө барып, зыярат кыласыңбы? — деди Бакай. — Барамын, — дейт Чоюке.
Чоюкенин уялаш бир тууган иниси Азиздин маалыматы боюнча Өмүр кыргыздын арык тукумунан. Ал өз оокатына тың кедей адам болгон. Чоюкенин жээк-жергесинен элге таанылган ырчы-жомокчулар болбогон. Чоюке сегиз бир тууган болуп, баарынан улуусу болгон. Атасы Өмүр гана жөө жомокторду, «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрүн айткан. Ч-нин көлдүн көкүрөгүндө «Манас» айтпаган айылы, эли калбаган. 1910-жылдары Ч. Таласка барып Манастын күмбөзүнө сыйынат. Үч жыл бою Талас, Чүй өрөөнүндө «Манас» айтып жүргөн. Текес тараптагы казактарга да айткан учурлары болгон. Чоюке Каныкейдин Тайторуну чапканын бир кыйла күчтүү айткан. Ч. 1924-ж. Бишкек калаасына чакырылып, элдик өнөрпоздордун кароосуна катышат, 1925-ж. жаз айларында каза болгон. Чоюкеден таалим алган шакирттеринин бири манасчы Мамбеталы Ашымбай уулу да мындай эскерет: «Чоюке «Манасты» айтууда өз учурунда көл башында алдына эч кимди чыгарбаган. «Манасты» айттырууга ким чакырса кете бере турган, бүлөсү, балабакырасына карабаган киши болгон. Чоюке «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүктөрүн толук айткан». Чоюке 1924-ж. Саякбайга жолугуп, манасчылыктан чоң таасир берген. Чоюке жөнүндө Саякбай төмөнкүдөй эскерет: Чоюке узун бойлуу, ак жүздүү, чокчо сакал киши болгон. Ал эпостун «Манас» бөлүгүн Чоң Казаттан баштап, Каныкейдин Букарга качышы менен бүтүргөн. «Семетейди» бүт билген. «Сейтекти» мен андан уккан жокмун». Чоюкенин өз оозунан «Манас» жазылып алынган эмес. Бирок, шакирттери Саякбай Карала уулу, Мамбеталы Ашымбай уулу, Шаабай Азиз уулдарынын варианттарына карап, Чоюке «Манас» үчилтигин толук жана анын уландысы Кенен, Алымсарык, Кулансарык жөнүндөгү окуяларды да айткан деп болжолдоого болот.
С. Алиев
Материал «Манас энциклопедиясы” китебинен алынды.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК «АКЫЛ» КОНЦЕРНИ