МИДИН АЛЫБАЕВ

Добавил | 25.07.2017

М. Алыбаевдин адабияттагы жолунун башталышы ошол учурда өзү менен чамалаш чыккан акын, жазуучулардын чыгармачылык биографиясына өтө эле жакын же окшош деп айтса да болот. Негизинен ал деле 30-жылдардын көркөм интеллигенциясынын өкүлдөрү туш келген шартка кабылып, ошолор жалпы аралашып жүргөн коомдук-саясий жана адабий атмосферага кирип, ошолор жашаган чөйрөдө жашап, ошолор азыктанган рухий байлыктар менен азыктанып, ошолор дем, кубат алган мезгилдин духунан шык байлап, учурдун күндөлүк иш чараларынын таламдарынан чыккан милдеттерди аткаруу далалатында ошолор жазган темаларды жазуудан баштады.

Рефератты көчүрүү