РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

Добавил | 26.07.2017

ШҮКҮРБЕКОВ  Райкан (1913, Карабуура району  –  1962, Бишкек)  –  акын жана драматург. 1929–33-ж. Фрунзе педтехникумунан окуган. Ш-дун алгачкы кадамы прозадан башталып, он алты жашында биринчи «Жаркынай” (1929) деген аңгемеси, жыйырма  үч жашында «Тоо элинин баатыры” (1936) повести китеп болуп жарык көргөн 1935-ж. коюлган «Жапалак Жатпасов” комедиясы менен драматург катары таанылган. Ал эми акын катары биринчи китеби 1936-ж. чыкса, экинчи китеби  –  «Ырлар жана тамсилдери” 1957-ж. жарык көргөн. Акын эң  чоң  бакытты чыныгы чыгармачылык абройду поэзиядан тапкан. Шүкүрбековдун драмалык чыгармалары 1933–36-ж. жазылып, театрда коюлган «Күрөш” (1934), «Бейит арасында” (1933–34), «Айдар” (1936), «Жапалак Жатпасов” (1936), «Кек”, «Менин айлым”, «Жашыл токой”, «Жакшынын шарапаты”, «Каныкей”, «Акындын үмүтү”.

Акындын «Бөрү басар”, «Короз”, «Түлкү менен теке”, «Чымын менен карышкыр”, «Сагызган менен түлкү”, «Ат менен эшек”, «Эки эчки” сыяктуу жанрдын табият талабына жооп берерлик жакшы тамсилдери көп. Сатиранын бул формасын жаңы баскычка көтөрүүдө эң башкы орун таандык. Сатира Шүкүрбековдун табигый стихиясы. Ал – тубаса сатирик. Юмор – Шүкүрбековдун бүткүл чыгармачылык кан-жаны; поэзиясы менен прозасына, драмалары менен  интермедияларына жагымдуу жылуулук жиберип, окурмандарды  өзүнө  тартып турчу көркөм күч, ийкемдүү  терең акыл табылгасы. Акыйкатта да Шүкүрбековго чейин кыргыз адабиятында юмордун жылдызы мынчалык жаркырап жанган эмес. Муну бүгүн мезгил сыны да көрсөттү. Анын курч жана чебер жазылган сатиралык ырлары, эпиграмма, интермедия, тамсилдери жана «Жер жөнүндө  терме», «Жинди суу», «Кыз-жигит»  өңдүү  чыгармалары элге кеңири белгилүү. Балдар  үчүн да көп чыгармаларды жазган. А. С. Грибоедов, Ф. Шиллер, И. Крылов, Фирдоусинин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ш. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ