ЭШМАМБЕТ БАЙСЕЙИТ УУЛУ

Добавил | 26.07.2017

ЭШМАМБЕТ Байсейит уулу (1866, Талас өрөөнү – 1929) – төкмө акын. Анын устаты Токтогул болгон.

Бир күнү уктум элдерден,

Булбулдун анык кабарын.

Беш-Ташка Током келиптир,

Бейиштей кылып кабагын.

Бейпилдүү акын жан экен,

Берилип уктум сабагын.

Ошондон баштап бир болуп,

Оң-солго кетти кабарым,  – деген. Андагы жаңы чыгып келе жаткан өнөрпоздорго Токтогулдун арбын кырлуу, ары күйүмдүү  устаттык  өрнөгү  көп тийген. Андыктан даңазасын алыстан угуп, кыргыз жергесинин ар жеринен обон, күү, үйрөнүүгө ага ар дайым (Тоголок Молдо, Калык, Барпы, Атай ж. б.) барып турушкан. Эшмамбет Токтогулга жолуккан күндөн баштап, экөө  ар убак элди аралап ырдашып, кыйышпас адамдар катары  өмүр бою ысык мамиледе болушкан. Экөө ээрчише ырдаганда калкты зор рахатка бөлөп, таң калтырган. Анжиян, Кокон, Кетмен-Төбө, Таластагы чоң аш-тойлор буларсыз өтпөгөн. Эшмамбет айтыш өнөрүнүн теңдешсиз чеберлеринен болгон. «Эшмамбет бойлуу, толук, кара сур өңдүү, айры сакал, көтөрүңкү  жүргөн,  үстө-мөн-дөтүп ырдаган,  үнүнүн бийиктиги «Челек радиодой”, сакалы ычкыр кашатынан  өтүп турган” деп айтса (Коргол) ал эми Калык Эшмамбет ырчыларга сес көрсөтүп, жүрөгүнүн үшүн алган ырчы болгондугун айтат. Эшмамбет табият кооздугун берилип ырдаган, айрыкча касиеттүү жерге энесиндей сый мамиле жасагандыгы «Касиеттүү жер эне”, «Кеминим жердей жер экен”, «Дыйкан сага береке”, «Баарын берген жер эне” деген ырларынан эле байкалып турат.

 Жан-жаныбар бардыгы,

 Жер бетинде төрөлөт.

 Мекен кылып аган да,

Мээнет менен көгөрөт.

Ташып толуп жайында,

Дайрасы агат күркүрөп,

Шамал сабап тоолорго,

Шагыл ташты сүргүлөп.

Томкорулбас ак карда,

Тоолор уктайт  үргүлөп –  деп, сыпаттап ырдаган. Айрыкча, санат-термелерин окуп отурсаң  Эшмамбет жазбай салган жорголордой жаңылбай төккөн төкмө  экендигине күбө  болосуң. Эшмамбет чечилип ырдаган теманын бири «Өмүр жаш”. Бул салттуу тематикага Арстанбек, Эсенаман, Чоңду ж. б. абалтадан бери эле кайрылып келишкен. Ошондой эле алп ырчынын көкүрө-гүндө чоң арман жүргөн. Бири «эл сагынбас – эр болбойт” дегендей, туулган жеринен алыстада жүргөн. Бул эңсөө, кусалыгын ырлары аркылуу көп ирет туюндурган:

Көркөмдүү Талас кенен жер,

Көрөмүн сени мен кайра.

Кейиште жүрчү убакта,

Күч-кубат берчү бел кайда.

Таалайым сага ылайык,

Табылбайт сендей эл кайра.

Ыр тизмектеринин түпкүрүндө Алмамбеттин арманындай эле зор арман бугуп жатат. Аялына айткан керээзинде эки уулу менен кызы жаш калып,  өзүнүн мезгилсиз  өтүп баратканын мууну бошоп аларга: «Көрсөтпөдүм кантейин, тууган, урук – Таласың” деп катуу өксүгөн экен. Дагы бир аянычтуу жагдай Эшмамбет жупкадай жалгыз ыр жыйнагында ырларды толук түрдө эч алымча, кошумчасыз келип жеткен менен нукура төл чыгармалары катары кароого болбойт. Себеби, Эшмамбет Арстанбек, Жеңижоктордун  катарында турган чыгаан төкмө  болгон. Бул жыйнакта ар сабын алтынга бергис андай тизмектер аз.

Жыйынтыктаганда, Эшмамбеттин кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн, дегеле акындар поэзиясынын арбын кырлуу түскө  ээ болуп, өркүндөп-өсүшүндөгү  ролу чоң. Эшмамбет алым-сабак айтыштардын бийик  үлгүсүн түзгөн. Анын көптөгөн айтыштары айтыштын ар кыл классикалык  үлгүлөрүнө жатат. Эшмамбет Эл-жерге, мекенге,  өмүр жашка ж. б. арналган санат-термелери, негизги чыгармалары акындар чыгармачылыгынын шедеврин түзөт.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ