ТОКТОГУЛ Сатылган уулу (1864–1933, Кетментөбө өрөөнү, Токтогул району ) – ойчул, ырчылар поэзиясынын классиги, элдик композитор-комузчу. Карапайым үй-бүлөдө туулган. Айтууга караганда атасы Сатылган, апасы Бурма да жандуу сөз өнөрүнө ышкылуу болушкан экен. Болочоктун чоң ырчысы он үч жашынан айылындагылардын көңүлүн өзүнө бура баштаптыр. Токтогулдун алгачкы жекече үйрөнчүк көнүгүүлөрү, же айрым темаларга кайрылуусу, мис., ага ыйгарылып жүргөн «Жокчулуктун айынан», «Жүргөнүм Кабак жер болду» сыяктуу ырлар менен «Сүйүмкан», «Гүлүйпа, Гүлжар», «Алымкан», «Насылкан» өңдүү жашчылык делебеси, сүйүү ышкын козгогон, кубанычты өкүнүчтөр коштогон күндөрдүн элеси болгон лирикалык тизимдер биринин артынан бири келе берет. Анан «Чакырбай сүткор», «Эшен-калпа», «Үйчүлүк эшен», «Муратбек» тариздүү ыйман-салаваты жок, алдым-жуттум дүнүйөкор адамдар жөнүндө көргөн, билгенин ырга салат.
Бара-бара теңтуштар арасында, кыз оюндарда көңүл ачып ырдоодон аш, тойлорго ырдоого, жан багуу жолуна түшөт. Ырчылык менен комузчулук, жомок айтыш атайын кесип болуп калат. Ырчылардын негизги байлык тапчу чарбасы дал ошол аш, тойлор болгондуктан, алар чыныгы өнөр жарышына ушул жерде түшкөн, ушул жерде сыноодон өтүп, ушул жерде таанылышкан. Токтогул жалпы эле кыргыз өнөрпоздору-ырчылар менен жомокчулар, комузчулар менен кыякчылар баштан өткөрүп келаткан күндү көрүп, ошол социалдык шарт, чыгармачылык чөйрөдө жашап, кеңири таанылып калган маалда
турмушунда кескин өзгөрүшкө туш болот. 1898-ж. 17–18-майда Анжиян шаарында падыша аскеринин эки ротадан турган гарнизонуна кол салган Мадали эшен баштаган каапырларга каршы козголоң ырайымсыз басылгандан кийин Токтогул кармалып (11-июнга оогон түнү), 3-августта согуштук талаа соту соттоп, өлүм жазасына өкүм чыгарган. Бирок, ал жети жылдык сүргүнгө алмаштырылган. Бул учур Токтогулдун өмүр жолундагы эң эле азаптуу жылдар болот. Айыпсыз түрмөгө түшүп, тууган эне, жаш перзент, ынак жар, эл, жерден бөлүнүп, айдоодо бараткан учуру өзүнчө бир ырлардын циклин түзөт («Кош, апаке!», «Кош; элим!», «Айдалып жөнөгөндө», «Азапка түштү өмүрүм»). Сибирде өткөргөн кайгылуу күндөрү дагы бир аз башкачараак ырлардын топтомун жаратат. Буларда сагыныч, кусалык, эңсөө мотивдери м-н тилек күчтүү («Аман кетээр күн бардыр», «Элиме качан жетемин», «Туткундагы арман», «Туткунда жүргөндө»). Түрмөдөн качып келгени үчүнчү топтогу «Качып келе жатканда», «Көчөдө өлчү күнүмбү?»! «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Эңсеген элим аманбы?», «Атакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт. Токтогулдун чынармалыгында абдан маанилүү орунду ээлеп, аны ойчул акын, ырчылар поэзиясынын классиги катары тааныткан чыгармалары – санат, терме ырлары. Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр өлүм, турмуш чындыгы жөнүндө терең ой жүгүртүүлөрү «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга” сыяктуу айтымдарында алда канча кеңири берилген. Мындай маани-мазмун аркалаган чыгармалары сөзсүз түрдө узак басып, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп, мелтиреген күзгү дайрадай акыл тазарып, тунуп, чыгармачылык тажрыйба артып турган кезде жаралган. Улуу ырчынын талант кудурети – жалпы тема, салттык ырларды өз өмүр жолу, дүйнө таануу айырмачылыгынан тапкан табылгалары менен байыткандыгында.
Токтогул – айтыш өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири. Анын ырларынын айрымдары толук, айрымдары үзүндү түрдө отузга жакыны топтолгон. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес. Анын Эшмамбет, Калык, Алымкул менен саламдашуу, таанышуу, ал-жай сурашуу, ырчылык өнөр аркылуу баарлашуу иретинде айтыштары, Барпы менен сынак айтышы, кажышчаак, орой ырчы Найманбай менен кармашы жөнүндөгү тексти (толук эмес) деле чоң тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берип, бул жанрдын классикалык деңгээлге көтөрүлүшүнө зор үлүш кошконун көрсөтүп, ишенерлик даражада далилдеп турат. Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөй-рөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым. «Беш каман», «Арзымат менен айтышы”, «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу ырлары текстологиялык, фактологиялык маани-мазмунда, өзгөчө салыштырма стилдик, манералык формада каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы. Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши. Токтогул элдик кенже эпосторду мыкты билген чебер аткаруучу болгон. «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Шырдакбек», «Саринжи-Бөкөй», «Кедейкан», «Нариккан», «Олжобай менен Кишимжанды» айтчу экен. Эшмамбет, Калык, Алымкул айтып жүрүшкөн эддик эпикалык чыгармалардын көпчүлүгүн Т-дан үйрөнүшкөн. Токтогул ырчылар менен комузчулардын устаты. Ал өз мектебин түзгөн. Калык, Коргол, Алымкул, Атай аңдан чындап таалим алышкан. Алар аркылуу башкаларга да таасирин тийгизгени белгилүү. Токтогул – ырчылык өнөрү менен элге кандай кеңири таанылса, оригиналдуу күү чыгарган үлкөн комузчу катары да ошондой эле даражада өчпөс из калтырган талант. Ал кол ойнотуп черткен чебер аткаруучу, обончу, куудул болгон. Обон – күүлөрүн комузда эркин кол ойнотуп, темптин, ыргактын жүрүшүнө карата түрдүү мимикага салып, мазмунун жорго сөздөр менен жамакташтыра ырдап черткен. «Ботой», «Кыз кербез», «Чоң кербез», «Мырза кербез», «Миң кыял», «Тогуз кайрык», «Ак куу» сыяктуу айтым күүлөр менен залкар күүлөрдү жараткан. Ал өзбекче, казакча, татарча, орусча окшоштуруп ырдап, айрым элдик обон-күүлөрүн аткарган. Өзү алтымыштан ашуун ар кыл күү (обон күү, айтыш күү, залкар күү) чыгарыптыр. 1928-ж. музыка изилдөөчү В. Затаевич анын 18 күүсүн нотага түшүрүп алган. Ал күүлөр 1934-ж. Москвадагы муз. басма тарабынан «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обондору» деген жыйнакка чыккан. Токтогулдун муз. чыгармалары кыргыз профессионал музыкасынын өсүп-өнүгүшүнө да жандуу таасир тийгизген. Кыргыз Республикасынын ондогон мектептери менен филармонияга, өзү туулган районго, көчөлөргө Токтогулдун ысымы ыйгарылган. Анын жүз жылдыгы (1964), жүз жыйырма беш жылдыгы (1989) кеңири белгиленген. 1965-жылдан адабият, иск-во жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы берилген. «Кыргызфильм» студиясы тарабынан «Токтогул» көркөм фильми тартылган. Ал жөнүндө көптөгөн ырлар, поэмалар, пьесалар, повесть, аңгемелер жазылган. Адабий, тарыхый, муз. изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бишкек шаарында Токтогулга эстелик, сөөгү коюлган жерге бейит белги салынган. Ага арналып ондогон сүрөттөр тартылган.
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ