ЖАЛИЛ САДЫКОВ

Добавил | 26.07.2017

САДЫКОВ Жалил (1932-ж. т., Кемин р-ну). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери (1988). КМУнун филология факультетин бүтүргөн.

Ырлары 1950-ж-н баштап жарыялана баштаган. Туңгуч ыр жыйнагы «Убада” деген ат менен 1958-ж. жарыкка чыккан. «Жайкы таңда” (1961), «Кечээкинин күбөсү” (1962), «Кылымдын барактары” (1964), «Сары Өзөн (1966), «Менин ырым – мекеним” (1968), «Унутулгус обондор” (1971), «Топ жылдыздар” (1973–74), «Пьесалар” (1976), «Мөлтүр булак” (1981), «Жер керемети” (1986) ж. б. китептери жарык көргөн. Садыков кыска жана  терең ойлуу лирикалык ырларды жазуунун чебери катары белгилүү. Салттуу ырлардын формасын  өркүндөтүү  менен көркөм ойлоонун жаңы  үлгүлөрүн тапты. С-дун калеминен бир топ таланттуу жазылган драмалар жарык көрдү.  Садыков поэзия менен гана чектелбестен адабияттагы  өзгөчө спецификалык ыкты талап кылган татаал жанр деп эсептелген драматургия жанрында да үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Кыргыз элинин көрүнүктүү  акыны Тоголок Молдонун рев-га чейинки  өмүрүн, Чыгармалыгын чагылдырган  «Боз торгой” деген тарыхый биографиялык драмасын жазган. «Жукеев Пудовкин” драмасы кыргыздын биринчи революционери Т. Жукеевдин өмүр-жолуна арналган. Белгилүү куудул Шаршен Термечиковдун өзүнүн аткаруусундагы «Күйөө жолдош” деген чыгарманын негизинде Шаршен куудулдун образын дагы кененирээк ачып, «Күйөө жолдош” деген комедиясын жараткан.

«Манас”  үчилтигинин драмалык вариантын жаратуу менен Садыков Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду. «Манастын уулу Семетей”, «Сейтек”, «Айкөл Манас” эпикалык драмаларында эпостун өзөк окуялары тандалып алынып, сахнанын табиятына ылайыктап, айрым бир сюжеттик алымча-кошумчаларды кийирүү  менен окуяларды мезгилдик жана  мейкиндик жактан сыйлыгыштырып, конфликттерин түзүүгө жетишти. Садыков 1997-ж. «Адам жана азезил” деген драмасында «Тоорат” жана  «Куран” китептеринен алынган Адам ата жана  Обо эне жөнүндөгү айтылуу сюжетти драматург өз көркөм дүйнөсүндө кайрадан иштеп чыгып, тээ алмустактан бери келе жаткан касиеттердин жакшы-жаманын азезилдин образы аркылуу ачып берген.

Акыркы жылдары драматургдун кыргыз элинин тарыхында маанилүү роль ойногон белгилүү инсан Шабдандын өмүр жолуна арналаган «Шабдан” аттуу драмасы театр сахнасында ийгиликтүү коюлуп келе жатат.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ