САГЫМБАЙ Орозбак уулу (1867 же 1868, Ысыккөл р-ну) – Кыргыз элине кеңири белгилүү болгон чоң манасчы, – Сагымбай Орозбак уулунун туулган жылы так маалымат эмес, манасчы өзү өлөр жылы 63 жаштамын дечү экен. Ошол сөзгө таянып 1867-ж. туулган делип жүрөт. Эгер манасчы өз жашын кыргыздардын жыл сүрүү эсеби боюнча айтса, анын чын жашы 63 эмес 62, ал эми туулган жылы 1868-ж. болот.
Сагымбайдын атасы Орозбак жумгалдык саяк уруусунун мойнок уругунан. Атасы жашында өлүп, жаш балдары менен жетим калган аял уруулар арасындагы чабыш-талаштардын биринде талоонго түшүп, ар тарапка бөлүнүп, олжого кетишет. 17 жашка келгенде Кочкордогу Ормон ханда жигит болуп жүргөн агасы Орозойдун үстүнө келет. Орозой өзү да кашкарлык соодагерлерге сатылып, жолдон качып чыгып, баш калкалап Ормонго келип туруп калган экен. Орозой тың, анын үстүнө чоорчу, сурнайчы болгондуктан, Ормонго тез алынып, анын сурнайчысы, ишенимдүү жигиттеринен болуп калат.
Орозбактын туулганда азан чакырылып коюлган аты Акеше. Ормонго келгенде: – Атың ким? – деген суроосуна Акеше – деп жооп берсе, Ормон атың жаман экен, сен мындан кийин Орозойдун иниси Орозбак бол, – дейт. Ошондон тартып Акеше Орозбак атыгат. Орозой өлгөндөн кийин Орозбак анын ордуна Ормондун сурнайчысы болот. Атасы Орозбак өлгөндө Сагымбай 12–13 жаштардагы бала экен. Атасы тирүү кезинде 9–10 жаштар курагында айылда бир нече молдодон окуп, араб тамгасын таанып, жазылгандарды окуй алчу экен, бирок, өзү жазганды билбептир. «Манас” айтууну Сагымбай 15–16 жашынан тартып баштаган. Бирок, ага чейин эле жамактатып сүйлөп, тамашалуу, лирикалык ырларды чыгарган жөндөмү менен айыл арасында оозго алынганы эскерилет. Сагымбай манасчылык өнөргө ээ болуусун түш көрүү – аян берүү менен түшүндүрөт жана мурда эпосту аткарбай жүрүп эле ошол түш көргөндөн тартып, чыгарманы аткара баштаганын айтат.
Көргөн түшү бул: жазга жуук эл арасына чечек оорусу жайылып, Сагымбай да ооруйт. Оорунун күчүнө келип турган убагында эс-мас жаткан бала түш көрөт. Кочкордун талаасында жөө келе жаткан экен. Талаанын бети толгон чоң-чоң боз үйлөр, үйлөрдүн жандарында кермеге байлап койгон мыкты аттар, ар кайсы жерге үйүп койгон курал-жарактар туруптур. Мурда бул жерде мындай жок эмес беле деп, чочулап турса алдынан боз ат минген чоң адам жолугат. Ал Ормон экен. Ормон, сен коркпо деп, баланы жооткотот. Сагымбай үйлөрдүн бирине кирип, анда отурган көп адамдарды көрөт. Отургандардын бири мобул бала жомок айтат экен дейт. Үйдөгү адамдар кана, билгениңди айт деп, жаалашат. Бала, билбеймин деп, айтуудан баш тартып жатканда сырттан кирген 25 жаштар чамасындагы кара сур жигит: – Айтпасаң чаап салам! – деп айбалта менен тап берет. Олтургандар бөөдө өлүм болбой айт деп, жаалашат. Сагымбай коркконунан айтам деп, убада кылат. Үч жолу айтам дедиртип, убадасын алып, үйдө отургандар «тарткыла” деген сөз менен дүр коюп үйдөн чыга жөнөшөт. Таң атып, үйгө жарык түшүп калган маал экен. Ойгонуп кеткен Сагымбайүйдөн чыгып бара жаткандарды даана көрөт да, үйдөн чыгып жаткандарды көрдүңөрбү? – деп, үнүн катуу чыгарып сурайт. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да көргөн болушат. Сагымбай өзү, ал үйдөгү башка ооругандар да куландан соо болуп айыгып калышыптыр. Ушундан тартып «Манас” айта баштап, 15–16 жаш курактарында эл арасына манасчы катары таанылып баштайт.
Манасчылык өнөргө ээ болууда чоң жомокчулар Тыныбек, анын устаты Чоңбаш (Нармантай) сыяктуу өзгөчө зор таланттуу чоң жомокчулардан таалим алган. Кадимки легендарлуу манасчы Акылбекти да көрүп, өнөрүнө күбө болуптур. Ал эми Келдибек чоң манасчы менен жакын жээндик жайы аркылуу тыгыс байланышта жүрүп, өнөрүн үйрөнгөн. Өзү өзгөчө зор талантка ээ адам, кыргыз элине кеңири белгилүү чоң манасчылардан таалим алып, варианттардагы мыкты табылгаларды кеңири пайдалангандыктан, эпостун ал түзгөн үлгүсү илимге белгилүү тексттердин ичиндеги салттык окуялары жана көркөмдүк деңгээли жактан өтө бийик деп эсептелет.
Сагымбай айткан вариантты 1922-ж. Каюм Мифтаков кагаз бетине түшүрүп, 1926-ж. Ыбырай Абдыракманов эпостун биринчи бөлүгүн «Манасты” жазып бүтүргөн. Бул узакка созулган жана өтө оор ишти жүзөгө ашырууга шарт түзүп, материалдык, моралдык жактан жардам уюштуруп, көмөк көрсөткөн Ыбырай Тойчунов болгон. Сагымбайдын катуу ооруп калганына байланыштуу андан «Семетей”, «Сейтек” жазылган эмес. Манасчы өзүнүн көргөн түшүндө жомок айтасыңбы, же чаап саламбы?! – деп опузалап коркуткан жигит Семетей экен, ошон үчүн жомокчулук өнөрүндө эпостун «Семетей” бөлүмүн өзгөчө берилип айткандыктан ушул бөлүмдүн көркөмдүк деңгээли «Манастан” да жогору, окуялары кызык, көлөмү биринчи бөлүмдөн алда-канча көп эле, жазылбай калды – деп, өкүнүшөт манасчыны жакшы билгендер. Сагымбай 1930-ж. май айында Кочкордогу Аңырты суусунун жээгинде дүйнөдөн кайткан. С. манасчыдан жазылган эпостун биринчи бөлүмүнүн тексттери 180378 сап ыр (санды так деп айтыш кыйын.
Көлөм варианттын машинкага басылган көчүрмөсү боюнча саналган. Көчүрмө менен түп нусканын арасында анча чоң болбогону менен айырма бар). Эпостун биринчи бөлүмүнүн Сагымбай айткан варианты илимге белгилүү тексттердин ичинен көлөмдүү. Манасчы өз вариантын кээде атайын тема коюлган, көпчүлүк учурда биринчи казат, экинчи казат түрүндө атаган бөлүмүн эпизоддор түрүндө айтат. Мындай эпостун сюжеттик окуя-окуя түрүндө бөлүмдөргө бөлүп айтуу бардык манасчылар үчүн жалпы кабыл алынган салттык ык. Сагымбай манасчынын айткан варианттагы окуялардын айтылыш ирээти б-ча сюжеттик курулушу жана кыскача мазмуну мындайча: белгилүү кан Ногой өлгөндө анын ордун баскан мураскерлеринин жөнсүздүгүнөн пайдаланган душмандары басып алып, элди талап, Ногойдун балдарын туш-тушка таратып жиберет. Алтайга айдалып барган Ногойдун кенже уулу Жакыптан Манас аттуу баатыр бала туулуп, жашынан эрдик көргөзүп, душмандарга каршы турат. Баскынчы душмандардан ата-бабасынын туулган жерин бошотуп, Алтайдан Ала-Тоого көчүп келип, өзү катылган Шоорук, мурдатан душман Алоокени жеңип, чачылган элинин башын коштуруп, Ата Мекенин туруктап калат.
Кытайлардын белгилүү кандарынын уулу Алмамбет келип, Манаска кошулуп, эмчектеш тууган болот. Манас Кыйбанын канынын Санирабига-Каныкей аттуу акылдуу кызына үйлөнүп, өзүнүн кадырлаган адамы эсепсиз бай Көкөтай кары өлгөндө мурда болуп көрбөгөндөй чоң аш бердирип, көчмөндүү жоосу Коңурбайды жеңет. Эрке уулдуу болуп, өзү Мекеге сыйынганы кеткенде элине кол салган Коңурбай менен согушта жакын жардамчыларынан ажырап, жара жеп, жарадан каза болот.
Сагымбай манасчыдан жазылган тексттерден чакан үзүндү 1-жолу 1940-ж. «Манастын балалык чагы” деген ат менен жарык көргөн. Ошондой эле чакан үзүндүлөр 1941-ж. «Алооке кан” «Макел дөө” деген аталыштарда жарыяланган. «Алгачкы айкаш” жана «Биринчи казат” 1942-ж. жана 1944-ж. басылган. 1946-ж. Москвада орус тилинде жарыяланган. «Великий поход” аттуу китептеги жети теманын алтоо Сагымбайдын вариантынан алынып которулган. Эпостун кыскартылып бириктирилген вариантындагы тексттердин да басымдуу бөлүгү Сагымбайдын вариантына таандык. С-дын варианттык толук окуялары ирээти менен бирок, арасынан кыскартылып 1978–82-жылдар аралыгында төрт китеп жарыяланган. Ошол эле тексттер кыргызча жана алардын орус тилине адекваттуу котормосу Москвада 1984, 1988, 1990, 1995-ж. ж. төрт китеп түрүндө жарыяланган. Сагымбай айткан варианттын текстеринен академиялык толук басылышынын төрт китеби 1995–1996-ж. жарыяланган. Ар бири 45–50 басма табак көлөмүндөгү дагы 5 китеби басмага даяр. Советтик түзүлүш учурунда айрыкча 1945–60-жылдар аралыгында Сагымбайманасчы реакциячыл деген күнөө коюлуп, катуу сынга алынган. Ага карабастан бул манасчы айткан варианттын көркөмдүк жогорку деңгээли, бай маалыматы, окуяларынын кеңири мүнөзү негизинен бардык изилдөөчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Сагымбай «Манас” айтуудан башка көркөм чыгармаларды да жараткан. Анын «Жолбун ит” аттуу тамсили айрым белгилүү адамдарга арналган кошоктору ж. б. бар.
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ