НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

Добавил | 26.07.2017

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Нурмолдо 9 жашынан Коштерек кыштагында мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо анын  өтө  зээндүү жана  идирек экенин байкап, эки жылдан кийин Намангандагы Молдо кыргыз медресесинин мутавали, мударистерине тапшыртат. Алар имтихан (сынак) алып, медресеге талаба (студент) кылып кабыл алышат. Нурмолдо медреседе окуп жүргөндө эле ошол медресенин өзүнө сабак берип, мударистик кылат. Андан кийин бир сыйкырчынын чакырыгы менен Кашмир шаарына барып, беш жыл окуп, апсундукту  (сыйкырчылыкты, жайчылыкты) үйрөнөт. Мекеге барып ажы болуп келет. Өзү жашаган аймакта эшен деген зор атакка жетет. Анын Сулайман, Төрөбек, Умар деген үч уулу, Айсулуу аттуу бир кызы болгон.

Нурмолдо чыгармаларын кагазга түшүргөн жана  төгүп ырдаган акын болгон. Совет доорундагы молдолордун, ислам илимпоздорунун артынан куугунтук жүргүзгөн мезгилде кол жазмалары жоголуп,  өзү  өлгөндөн кийинки мезгил каарынан чочулаган туугандары, урпактары атайылап жоготкон учурлары да болгон деп айтылат. СССР мезгилинде Нурмолдо жөнүндө оозеки учкай гана айтылып, Жеңижок, Токтогул дагы башкалар менен айтышканы гана эскерилип, ал да анын кемчил жагын көрсөтүү  үчүн айтылчу. Эгемендүүлүк келгенден кийин «Замана”, «Молдо кыргыз медресесиндеги ыр” аттуу чакан эки китеби жарык көргөн. «Замана” акын  өзү  жашоо кечирген заман туурасындагы ойчул ырларынан жана  «Нурмолдо тууралуу” икаялар деген бөлүмдөрдөн турат. Экинчи китепте да  өз доорундагы саясий-соц.  абалдарды чагылдырган «Замана” аттуу айрым ыры бар. Нурмолдонун бул ырдагы жана  замандаш ырчыларды мүнөздөгөн чыгармалыгындагы көз карашы ошол кездеги чыгаандар: Калыгул, Молдо Нияз, Молдо Кылыч ж. б. айырмаланып, орус башчылары басып кирген заманга карата оңчул мүнөздө экени көрүнөт.

 

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ