Өмүр баян кимдир бирөө өзүнүн өмүр жолун баяндап жазышы. Өмүр баян да адамдын эмгек жана коомдук ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизги фактылар
камтылат. Бул иш кагазы кадр тандоодо көп суралат.
Өмүр баяндын маалым даректери:
1. Иш кагазынын аталышы;
2. Текст: аты-жөнү, туулган жылы, айы, күнү, ата-энеси, бир туугандары жөнүндө кыскача маалымат, билими, адистиги. Иштеген жерлери, акыркы иштеген жери, сыйлыктары, коомдук иштерге катышуусу, үй-бүлөлүк абалы, үйүнүн дареги.
3. Дата;
4. Колу;
5. Аты-жөнү.
Акыркы кездерде жумушка орношууда, көпчүлүк мекеме менен уюмдарда таржымалдын (резюменин (фр.resume – кыскача баяндоо)) же СV (лат. curriculum vitae – жашоо агымы) деп аталган документтин толтурулушу талап этилет. Таржы малда талапкер тууралуу жумуш берүүчүнү кызыктырган бардык маалымат камтылып, жумушка тиешеси болбогон маалыматтын берилбегени туура болот.
СV – жумушка орношууну каалаган адамдын иш тажрыйбасы, жөндөмү, билими жана башка тиешелүү маалыматты камтыган документ.
Таржымалдан айырмаланып, СV кененирээк маалыматты камтыйт. Көбүнчө жогорку постко талапкерлер тарабынан толтурулат.
Өмүр баян, таржымал үлгүлөрү менен төмөндө тааныша аласыздар.
Үлгү
Өмүр баян
Мен, Акылбек кызы Жаңыл, 1973-жылы 2-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөм.
1980-жылы Саруу айылындагы С. Сыдыков атындагы орто мектептин 1-классына кабыл алындым жана аны 1991-жылы аяктадым.
1991-жылы КМУУнун экономика жана башкаруу факультетинин финансы жана кредит бөлүмүнө кабыл алынып, 1995-жылы университетти артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.
1990-1995-жылдары «Учкун» акционердик коммерциялык банкына адис катары кабыл алынып, 2005-жылы конкурстук негизде «АТФ-Банктын» кредиттик бөлүмүнө башкы адис катары кабыл алындым.
Учурда ушул банктын кредит жана аудит бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатам.
Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Жолдошум Жумалиев Эрмек «Шоро» жабык типтеги АКында экономист болуп иштейт.
Дарегим:
Бишкек шаары 03.06.2010
Тунгуч кичи району
20-үй, батир № 52. Колу /…………………………
Тел.: 44-83-61
Уюл. тел.: 0552 550057 Акылбек кызы Жаңыл