Ишеним кат – бул бир жактын (ыйгарым укук берүүчү) экинчи жакка (ыйгарым
укукка ээ болуучу) жазуу түрүндөгү ишеним артуусу, ыйгарым укук берүүсү.
Башкача айтканда, жеке кишинин, жамааттын же уюмдун кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан иш жүргүзүү үчүн башка бирөөгө берилген расмий документ.
Ишеним каттын үч түрү болот:
1. Бир жолку – бир жолку иш-аракетти аткарууга (мисалы, айлык маянаны,
пенсияны, жөлөк пулду, стипендияны ж.б. алууга) берилет.
2. Атайын – бир түрдүү иш-аракеттерди аткарууга (мисалы, ишкананын
юристине соттордо ишкананын атынан иш алып барууга) берилет.
3. Жалпы (генералдык) – ишеним артуучунун мүлкүн жалпысынан башкарууга
берилет. Маселен, үйлөрдү, жеке унааны; ар кандай курулуш же башка
объектилерди сатканда, тийиштүү мөөнөткө пайдаланууга бергенде же
мураска өткөргөндө алардын ээси тарабынан башка адамдын атына жазылат.
Баалуу буюм болгондуктан нотариалдык кеӊсе же жергиликтүү айыл өкмөтү
тарабынан тастыкталат.