Ишти аткаруу, төлөмдү жүргүзүү, кредитти кайтаруу ж.б. ишти жүргүзүүдө пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн.
Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкы
бухгалтер.
ҮЛГҮ:
«Асыл» банктын
башкармалыгынын төрагасы
А. Ж. Жапаровго
«Жайыл» дыйкан чарбасынын
жетекчиси Р. Борбиевден
Кепилдик кат
Дыйкан чарбага таандык мүлктү күрөөгө алуу менен, жеңилдетилген кредит берүүңүздөрдү суранабыз.
Банктан алынган 200 000 (эки жүз миң) сом кредитти дыйкан чарба 1 жылдын ичинде толугу менен төлөп берет деп кепилдик беребиз.
Дыйкан чарбанын жетекчиси Б. Борбиев
Бухгалтери А. Исакеев