МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ

Добавил | 05.09.2017

Өтүнүч кат, суроо каттарга берилүүчү оң жоопту камтыган кызмат каты.
Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн.
Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн
башталат.

 

ҮЛГҮ:

 

«Акыл» акционердик
коомунун төрагасына
«Жаштык» кинотеатрынын
жетекчилигинен

Макулдук берүү каты

2011-жылдын 24-апрелинде саат 14:00дөн 18:00гө чейин ижаранын 50% төлөө
шарты менен кайрымдуулук акциясын уюштуруу үчүн ижарага берүүгө даярбыз.

Директор К. Абдиев
03.04.2011

 

Негиздөө менен макулдук берүү

Акыркы 6 жылдан бери Сиздердин факультетке бөлүнгөн техникалык каражаттар алмаштырылбаганын, 10 жылдан бери эмеректер жаңыртылбаганын
эске алуу менен, факультетке бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен материалдык-техникалык базанын жаңыртылышына макулдук беремин.