КУТТУКТОО КАТЫ

Добавил | 05.09.2017

Куттуктоо каты иш каттарынын бир түрү. Ар бир уюм, мекеме, ишкана куттуктоо катын жазат жана алат. Куттуктоо каттары башка уюм, компания, фирмалардын жетекчилерине, жалпы жамаатына расмий жана кесиптик майрамдарда, мекеменин же кызмат адамынын турмушундагы орчундуу окуяларга байланыштуу жөнөтүлөт.
Ал көбүнчө почта, курьер, кээде факс аркылуу жиберилет.
Куттуктоо уюмдун бланкына же атайы даярдалган куттуктоо бланкына жазылат.
Куттуктоолор кооздолгон кагазда жазылып, атайын папкага салынат. Куттуктоо
жамаатка же белгилүү адамга кайрылууну камтыйт.
Эреже боюнча куттуктоо каттары эркин формада жазылып, көлөмү анча чоң
болбойт. Каалаган учурда узунураак жазса да болот. Мисалы, жаңы жылдык
куттуктоо каттарында жыл ичиндеги ийгиликтер, жетишкендиктер айтылып,
жетекчилердин жеке салымы да эскертилиши мүмкүн.
Ал биринчи жактын көптүк же жекелик санында жазылат (куттуктайбыз,
каалайбыз, тилектешпиз же куттуктайм, каалайм, тилектешмин ж.б.). Көбүнчө
биринчи вариантта жазылганы оң, анткени ал жамааттын атынан жазылган кат
болуп саналат.
Куттуктоо каттарында даректер толук көрсөтүлүп, жетекчинин колу коюлуш
керек. Эгерде кол коюу жалпы формада болсо: «Сиздин кесиптештериӊиз»,
«Ишкананын жамааты», «Министрликтин кызматкерлери» ж.б. жазылат.

 

ҮЛГҮ:

 

Урматтуу курстун катышуучулары!

Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча атайы уюштурулган курска
катышып, сынактарды ийгиликтүү тапшырып, сертификатка ээ болушуңуздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын.
Ээ болгон жөн-билги, билимиңиздерди ишиңиздерде ийгиликтүү пайдаланып,
элге, мамлекетке ак кызмат өтөйсүздөр деп ишенем.
Сиздерге ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана мамлекеттик кызматкер наамына татыктуу адамдардан болушуңуздарды каалайм.

Окутуучуңар