КӨРСӨТМӨ

Добавил | 05.09.2017

Көрсөтмө – маалымат-усулдук мүнөздөгү маселелер боюнча жогору турган
уюмдун, мекеменин буйруктарын, нускамаларын жана башка ченемдик-укуктук
актыларын аткарууну уюштурууга байланыштуу мамлекеттик башкаруу органы
тарабынан жазылган укуктук акт. Мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери
да оперативдүү жана административдик (кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүү,
чыгашаны төлөтүү ж.б.) маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү чыгаруу укугуна ээ.
Көрсөтмө буйрук менен тескемеге окшош формада жазылат. Жогорку органдардын кайсы актысын аткарууга байланыштуу чыгарылып жатканы сөз болгон көрсөтмөнүн биринчи бөлүгүндө, ошол актынын толук аталышы берилиш керек (КРнын Президентинин Жарлыгы, КРнын Өкмөтүнүн Токтому ж.б.). Көрсөтмөлөрдө конкреттүү аткаруучулары болот, анын тескөөчү бөлүгү «сунуш  кыламын», «жүктөймүн», «милдеттендиремин» деген сөздөр менен башталат.

 

ҮЛГҮ:

 

«Акыл» ачык акционердик коому
03.05.2010 Бишкек шаары
К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине
китептерди жеткирип берүү жөнүндө
№ 19 КӨРСӨТМӨ
2010-жылдын 4-февралында түзүлгөн 8/124 келишимдин негизинде

СУНУШ КЫЛАМЫН:

1. Башкы кампанын тейлөөчүсү М. Кадыров университетке сатылуучу китептин
тизмесин жана санын такташын;
2. Келишимдин 3-беренесинде каралган төлөм акылары ошол боюнча сакталып, төлөө мөөнөтү бир айга узартылышын;
3. Бул маселе боюнча координация ишинин башкы бухгалтерге жүктөлүшүн;
4. Бул көрсөтмөнүн аткарылышы боюнча көзөмөлдүн акционердик коомдун
директорунун орун басары С. Акматовго жүктөлүшүн.

Директор Д. Бүркүтбаев
Байланыш бөлүмүнүн башчысы Т. Рыскелдиев