Жобо – мекеме, уюм, ишканалардын жалпы ишмердигин нормага салган,
алардын түзүмүн, функциясын, ички бөлүнүштөрүн, же кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу (ЖАКтын акционерлеринин жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү тартиби боюнча жобо, Келишимдерди түзүү жана аткаруу тартиби боюнча жобо ж.б.) иш-аракеттеринин тартибин аныктоочу, мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары жана токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы.
Ар бир мекеме же уюм өз ишмердигин кабыл алынган жобонун негизинде
жүргүзөт. Жобонун төмөнкүдөй маалым даректери болот:
1. Жобону бекитүү белгиси;
2. Жобонун расмий аталышы (ЖОБО);
3. Жалпы жоболор;
4. Иш милдеттери;
5. Укуктар жана милдеттер;
6. Жетекчилик;
7. Өз ара байланыштар.
ҮЛГҮ:
Мекеменин ведомстволук архиви жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ведомстволук архив – мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда (мындан ары
– мекеме) түзүлөт жана өзүнүн ишин ушул мекеменин каражат эсебинен жүргүзөт.
1.2. Ведомстволук архив документтерди, анын ичинде мамлекеттик архивге туруктуу сактоого берилгенге чейин мекеменин кинофотодокументтерин жана аудиовидеожазууларын убактылуу сактоосун жана пайдалануусун ишке ашырат.
1.3. Ведомстволук архив бирдей баш ийген же иш түрү боюнча бирдей болгон мекемелердин документтерин сактоону жана пайдаланууну жүргүзөт. Мындай
учурда ал бириккен ведомстволук архив болуп саналат.
1.4. Ведомстволук архив өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын, мекеменин карамагында түзүлгөн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, архив ишин башкаруу республикалык жана аймактык
органдарынын эрежелерин жана нускамаларын жана ушул жобону жетекчиликке
алат.