ГЕНДЕРДИК ИЗИЛДӨӨЛӨР

Добавил | 06.09.2017

ГЕНДЕРДИК ИЗИЛДӨӨЛӨР жыныс категориясын комплекс катары системалык изилдөө максатта учурдагы социомаданий окуулардын ичинен динамикалык өнүгүп жаткан жаш дисциплина. Г. и. предмети жыныстардын — эркек м-н аялдардын өз ара мамилелери, алардын кандайча өнүгүүсүн, иштөөсүн ж-а адамдын жашоосуна таасир берүүсүн талдоо эсептелет. Г. и-дүн максаты, бул жыныс категориясын өзүнө жыныстык бирдейлик ж-а жыныстык айырма, жыныс аралык мамилелер, жыныстык тартип ж. б. камтыган комплекс катары кароо. Г. и. негизги теориялык булагы болуп, либералдык ой-пикир, социалисттик традиция ж-а психоанализ эсептелет. Либерализм м-н Агартуунун дискурсунан Г. и. эмансипация, теңдик, автономдуулук, прогресс ж. б. идеяларын; илимий социализм м-н марксизмден — жыныс аралык мамилелерди эксплуатация ж-а үстөмдүк кылуунун социалдык өзгөчө механизми катары түшүнүүнү; психоанализден жыныс м-н жыныстык бирдейликти социалдык ж-а маданий аныктоо теориясын алган. Азыркы учурда Г. и. постструктурализм, деконстукция ошондой эле башка жаңы теориялык агымдар м-н тыгыз байланышта. Бирок, Г. и. бирдиктүү окуу, доктрина же система эмес. Негизги бириктирүүчү категория катары жыныс («гендер») эсептелет ж-а коомдун жыныстык түзүлүшүн, жыныс аралык мамилелерди адилеттүүлүк м-н теңдик тарапка өзгөртүү ж. б. идеяларын коргошот.