ДАОСИЗМ (Дао мектеби) — Кытай философиясынын б. з. ч. жашаган Конфуцийдин улуу замандашы Лао- цзы тарабынан негизделген башкы багыттардын бири. Д-дин негизги жоболору Лао-цзыга таандык делинген «Дао дэ цзин» («Жолдун ж-а күчтүн китеби») деп аталган адабий булакта чагылдырылган ж-а Чжуан-цзы, Ле-цзы, Ян Чжу ж. б. чыгаан кытай ойчулдары тарабынан өнүктүрүлгөн. Б. з. 2-3-кылымдарында даосизм философиялык ж-а диний багыттарга бөлүнүп кеткен. Диний Д. өз кучагына классикалык даосизмдин философиясы м-н эч байланышы жок магия, алхимия, табыпчылык, деменология ж. б. элементтерди камтыган. Д. философиясынын өзөктүү идеясы болуп Дао тууралуу окуу эсептелет. Дао деп дүйнөнүн негизин түзгөн универсалдуу субстанция, дүйнөнүн идеалдуу образы, долбоору, жолу болуп саналат (кара: Дао). Д-дин негизги принциби болуп Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштар м-н процесстерге кийлигишпөө, табият м-н татуу мамиледе болуу эсептелет. Мындай көз караштар «у вэй» «у ши» (кийлигишпөө) же табигый мыйзам ченемдүүлүктөрдү бузбоо концепциясы м-н толукталат. Д-де аскердик жүрүм-турумун — адамга колдонбо, мыйзамченемдүүлүктөрдү (прикладдык) чеберчилик аркылуу психикалык жөнгө салуунун теориясы м-н тажрыйбасында өзгөчө көңүл бурулат.