ШАЙБЕКОВ ЫСАК (1880–1957, Кемин р-ну). Кичинесинен эле ата-энеден ажырап, жетимдиктин тору моюндап, оор турмуштун запкысын башынан өткөргөн. Эс тартып, кол арага жараган күндөн баштап, ар кимдин малын багып, эгинин оруп жан сактоонун түйшүктүү жолуна түшөт. Мына ушул кайгылуу турмуштун азаптуу издери Шайбековдун чыгармачылыгын а таасир бербей коё алган эмес. Ал 10–12 жашынан баштап өз көзү менен көргөн, башынан өткөргөн оор турмушту ырдап чыгат. Өзгөчө кат тааныган күндөн баштап, анын ырлары элге тарала баштаган. Октябрь революциясына чейин анын ырлар циклин түзгөн, өз башынан кечирген «Азган эл”, «Кайран эл”, «Кайткан эл” сыяктуу эл турмушунун чындыгын чагылдырган поэмасы жаралган. 1916-жылкы элдик көтөрүлүштө Ысак да эл менен кошо Кытайга барып келет. Октябрь революциясынын жеңишин ачарчылыкта тентип жүрүп Таластан угат. 1981-ж. башында Пишпекке келип, түзүлүп жаткан жаңы бийликти өз көзү менен көрөт. Пролетариаттардын демократтык союзу деген жаңы уюмга өтүп, тапшырмаларын аткара аштаган. Ошол жылы Алма-Атада чакырылган Жети-Суу областынын биринчи Советтер съездине Пишпек уездинен делегат болуп катышат. Ошол съездде большевиктер менен меньшевиктердин талаш-тартыштарын көрүп, большевиктердин тууралыгын биротоло түшүнөт. Ошондон тартып Шайбеков бардык күчүн коомдук ишке жумшайт. 1920-ж. Нарындагы эсерлер көтөрүлүшүн басуу операциясына катышат. Кийин чарба кооперация кызматтарында жүрүп, ыр жазууга кирише баштайт. Мына ушул басып өткөн кайгылуу трагедиялуу узак жолдо жаралган «Азган эл”, «Кайран эл”, «Кайткан эл” поэмалары кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнө арналган чыгармалардан болуп саналат. Бул элдин башына келген кейиштүү оор трагедия Ысактын жүрөк канынан жаралган чыгармага айланган. Шайбековдун талантынын түптөлүшүнө кыз оюндардагы ырдалган элдик күйгөн, секетпай жана каада-салт таасирин тийгизбей койгон жок. Ал сүйүү, секетпай, күйгөн ырларды жана кошокторду жарата баштайт. Алгачкы жылдары Шайбеков ырларын оозеки, жатка айтып жүрсө, кийин кат сабаты жоюлган соң кагаз бетине түшүрө баштайт. Шайбековдун алгачкы көлөмдүү чыгармасы катары жазган ыры 1910-жылкы жер титирөөнүн оор трагедиялуу кырсыктуу кесепетине арналып, «Зилзала” деп аталган. Элдин соц. абалын көрсөтүү менен катар эле анын себептерин, андагы кайгылуу көрүнүштү ачкан. Акын бул жаратылыш алааматын баяндоодон фотографиялык ыкмада тартылгандай сүрөттөп бере алган:
Тамдууларды там басты,
Топурак менен чаң басты,
Бири-биринен адашып,
Койдой маарап чуулдашты.
Акын бул окуяны болгонун болгондой сүрөттөп, баяндап берсе да, анын себептерин айтып берүү жагынан чектелип калган. Анткени, жаратылыштын закондорунун негизинде болгон жер титирөөнү түшүндүрүүгө ошол мезгилде акындын билими жана илимге болгон багыты менен түшүнүк деңгээли, аң-сезими мүмкүндүк берген эмес. Акын 1916-жылдагы элдин башына түшкөн кайгылуу трагедия акындын жүрөк канынан жана сезиминен оргуп чыккан «Кайран эл” поэмасын жаратты. Поэма «Азган эл”, «Кайран эл” жана «Кайткан эл” деген үч бөлүмдөн турат. Акындын бул поэмага чейин жазган лирикаларына караганда «Кайран эл” элдин башына түшкөн кайгылуу окуяларын сүрөттөгөн бир сюжеттик өзөктөн туруп, элдин үмүт, тилегин зор эргүү менен чагылдырган реалисттик эпикалык поэма формасына ээ. Поэманын көркөм образ системасындагы композициялык түзүлүштү ачууда жеке адамдын күрөшү менен чектелбестен, тескерисинче, поэманын баш каарманы жалпы кыргыз эли болуп, элдин башынан өткөн үркүндүн оор түйшүгү чагылдырылган. Элдин ою, көксөгөн тилегин акын жүрөк сезимин туюп, ошол идеал-тилекти поэмасында ачык көрсөттү. Кытай элинде жүргөндө «Кайран эл” поэмасы элдин бирден бир сүйүктүү чыгармасы болгон. Поэма колдон колго өтүп, эл арасына тарап, кайда жүрүшпөсүн элдин көксөгөн оюн бөлүшүп турду. Ошентип, жаңы уруяттын келиши акынды да эргитип, чыгармачылык арымын арбытты. Акындын кийинки чыгармачылыгы негизинен социалисттик коомдук системага арналган.
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ