ЖАШ ГЕГЕЛЧИЛЕР

Добавил | 10.09.2017

ЖАШ ГЕГЕЛЧИЛЕР, же сол гегелчилер — гегелчил философиялык мектептин радикалдуу канаты. Алардын Г егелдин философиясын интерпретациялашы ж-а христианчылыкка сыны ошол мезгилдеги немец шарты үчүн буржуазиялык-демократтык ойду ж-а жалпы эле саясий кызыкчылыкты ойготуунун өзгөчө бир формасы болгон. Солгегелчилердин теориясы диндин моделине коомдук аң-сезимдин социалдык структура (идеология) катары анализдөөнүн эң алгачкы аракети катары кызыктуу. Алардын көңүл борборунда коом ж- дө жалган түшүнүк кандайча пайда болуп, мажбурлоочу күчкө айланаары тууралуу маселе турган. Ж. г-дин идеалисттик окуусунун сынчыл анализи алардын коомдук аң-сезимди талдоосунун чектелгендигин көрсөттү ж-а материалдуу коомдук мамилелерди изилдеп, андан коомдун рухий жашоосун келтирип чыгаруу зарылчылыгын айкындады. Бул маселени белгилүү бир деңгээлде Фейербах туйган. Бирок аны 19-к-дын 40- жылдары жаш гегелчилер кыймылына катышышкан, коомдук өнүгүүнү кардиналдуу жаңыча түшүнүүгө — тарыхый материализмге келген К. Маркс м-н Ф. Энгельс чечишти. Ж. г-дин буржуазиялык радикалисттик алсыздыгы тарыхтагы эл массасынын ролун төмөндөтүүдөн айгинеленди. Бул анархизмди таратуучуларынын бири болгон Штирнердин эмгектеринен көрүндү. Ж. г. таптардын күрөшү, коомдун өнүгүшүнүн объективдүү мыйзамдары, экономикалык мамилелердин коомдук турмуштагы ролу ж-дө ойлошпогон. Алар Г ерманиянын өнүгүшүн тарткынчактаткан үстөмчүл таптардын дарегине либералдуу гана коркунуч келтирген революциячыл фразеология м-н чектелишкен. Эл Ж. г-ди прогресстин ж-а «рухтун душманы» иретинде карашкан, тарыхтын кыймылдаткыч күчү «сынчыл ой жүгүрткөн инсан» деп эсептешкен. Ж. г-дин идеясын Маркс ж-а Энгельс «Ыйык үй-бүлө» ж-а «Немецтик идеология» деген эмгектеринде сындаган.