ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК

Добавил | 10.09.2017

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК — бирөөнүн үстүнөн башка бирөөлөрдүн үстөмдүк жүргүзүүсүнөн пайда болгон коомдук теңсиздиктин идеалистик теориясы. Дюринг таптардын пайда болушун коомдогу бир бөлүктүн башкаларына зомбулук көрсөтүүсү м-н (ички зомбулук) байланыштырган; авс. социолог Л. Гумплович (1838-1909), о. эле К. Каутский ж. б. таптардын ж-а мамлекеттин пайда болушунун чечүүчү ролу алдуу уруулардын алсыздарын кулдандыруусу болгон деп эсептешет. Тарыхый материализм коомдук турмуштун өнүгүшүндө зомбулук ж-дө жобонун чечүүчүлүгүн илимге каршы мүнөзүн ачып, коомдун өнүгүшүнүн аныктоочу негизи материалдуу өндүрүш экендигин далилдейт. Ошону м-н бирге эле ал тарыхтагы зомбулуктун ролун танбайт; социалдык революциянын мезгилинде тарыхый зарылчылыкты ишке ашыруунун маанилүү формасы болуп эсептелет. Азыркы учурда З.-з. идеясын «күчтүүлөр позициясы» саясатын негиздөө үчүн, жарыша куралданууну, жаңы согуштарды даярдоо үчүн пайдаланышат.