ИЛИМ

Добавил | 10.09.2017

ИЛИМ — болмуш (жаратылыш, адам, коом, ой) ж-дө объективдүү жаңы билимдерди теориялык жактан системалаштырып, иштеп чыгууга                           багытталган илимпоздордун, алардын билимдери м-н жөндөмдүүлүктөрүн, квалификациясы м-н тажрыйбасын; илимий эмгектин бөлүнүшү м-н кооперацияланышын; илимий мекемелердин эксперименталдык ж-а лабораториялык жабдууларынын бардык шарттары м-н жагдайларын; илимий изилдөөнүн методдорун, түшүндүрмө аппаратын, илимий информациялардын системасын, о. эле өбөлгөсү да, каражаты да, илимий өндүрүштүн натыйжасы да боло алуучу даяр билимдердин жалпы суммасын камтыган ишмердиктин бир түрү; коомдук аң-сезимдин бир формасы. И. тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө коомдун өндүргүч күчүнө айланат. И-дин коомдук аң-сезимдин башка формалары (искусство, мораль) м-н байланышы ж-а алардан принциптүү айырмасы да бар. Философия м-н илимдин байланышы татаал, бирок бири-бирине таяныч. Философия И-ге методологиялык таяныч болот, И-дин жетишкендиктерин философиялык жактан түшүндүрөт. Философия да И. сыяктуу билимдерди теория түзүп, чыгарган тыянактарын логикалык жактан негиздейт ж-а далилдейт. Философиянын тарыхында И-дерди классификациялоонун үзгүлтүксүз изденүү м-н калыптанган өзүнчө салты бар. И-ди классификациялоо белгилүү принциптердин негизинде И-дин өз ара байланышын ж-а логикалык ырааттуулукта жайгашуусун көрсөтүүгө багытталат.