ИНТЕГРАЦИЯ (лат. integer — толук, бүтүн, бузулбаган) — бүтүндүктү көздөгөн процесс же иш-аракет; биригүү, кошулуу, биримдикти кайрадан түзүү; Спенсердин философиясында И. түшүнүгү чачыранды, байкалбаган абалдарды бириккен, көрүнүктүү, өз ара байланыштуу абалга айландырууну чагылдырат. И-нын ички кыймылы жай мүнөздө болот, ал эми бүтүндүктүн чачырап кетүүсү м-н байланышкан дезинтеграция процесси тездиги, тез кыймылы м-н айырмаланат. Спенсер «И» түшүнүгүн агрегаттарды тең салмакка келтирүүчү каражат катары кеңири пайдаланган. Анын пикири б-ча күн системасынын, планеталардын, организмдин, улуттардын өнүгүшү И. м-н дезинтеграциянын удаалаштыгы болуп саналат. Йеншанын психологиясында интеграция айрым рухий белгилердин бүтүндөй рухий турмушка таралышын түшүндүрөт. Сменддин мамлекет тууралуу окуусунда интеграция деп ишмердүүлүктүн ар кандай багыттагы түрлөрүнүн өз ара алакасы аркылуу мамлекеттин туруктуу түрдө жаңыланып туруусу түшүндүрүлөт.