ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ (лат. intelligens — түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) — акыл эмгеги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек м-н кесиптенген, маданияттын өнүктүргөн ж-а жайылткан адамдардын коомдук катмары. И. түшүнүгү төмөнкүдөй эки мааниге ээ: кең мааниде — адамга мүнөздүү болгон рухий байлык, акыл жөндөмдүүлүгү; тар мааниде — оор кырдаалдарда тез чечим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кызыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. И. түшүнүгү көп учурда моралдык мааниге ээ болуу м-н интеллигенттердин бийик адеп-ахлак идеалдары, ыйман ж-а парз, мекенине ж-а элине ак кызмат өтөө сыяктуу рухий байлыктар м-н байланыштырышат. «Интеллигенция» термини алгачкы жолу 19-к-да орус жазуучусу П. Д. Боборыкин тарабынан илимге киргизилип, башка тилдерге которулган. Батыш өлкөлөрдө интеллигенциянын синоними болуп саналган «интеллектуалдар» термини кеңири пайдаланылат. Өз составы б-ча интеллигенция бир тектүү эмес. И-нын пайда болушунун негизги шарты болуп акыл ж-а күч эмгектеринин бөлүнүшү эсептелет. И. антикалык доордо жаралып, орто кылымдар м-н Кайра жаралуу мезгилинде калыптанган. И-нын андан аркы өнүгүшү индустриалдык ж-а постиндустриалдык коомдорго туура келет.