ШПЕТ Густав Густавович (1879-1940) — орус философу, Э. Гуссерлдин феноменологиясын улантуучу; Москва университетинин профессору (1918-жылдан). Анын илимий кызыгуусунун багыты: илим тарыхы м-н методологиясынан тартып эстетика м-н психологияга чейин болгон. Азыркы европалык 17 тилде билүү м-н философия, психология, логика ж-а эстетика боюнча көптөгөн эмгектерди которгон. Шпет Илимий философия институтунун, Чыгармачыл ж-а жогорку окуу жайларында эмгектенген интеллигенциянын эркин философиялык ассоциациясын (1919, Петроград), Этникалык психология кабинетин, Г. Челпанов м-н бирдикте Москва психологиялык институтун түзгөн. Ал батыш европа философиясынын тарыхы б-ча бир катар маанилүү изилдөөлөрдү жарыялаган; П. Д. Юркевич, П. Л. Лавров, А. И. Г ерцендин дүйнөгө болгон көз карашы тууралуу тарыхый-философиялык очерктер да анын калемине таандык. Шпет «түпбашатты» ж-а «турмуштун принциптерин» табууга аракеттенип, аларды «маңыз», «эйдос», «идея» деп атаган. Тажрыйба жүзүндө алардын маңызын айкындоого Декарт, Спиноза ж-а Лейбництин рационализминин нугунда чечмеленүүчү адам акыл-эсинин интуициялык көрүнүштөрүн ачуу аркылуу жетишүүгө болот. Гегелдин «рухтун феноменологиясы» деген чыгармасын орус тилине которгон (1959-ж. басылып чыккан) Шпет тилдин философиясы маданият философиясынын негизи деп эсептеген.