ФИЛОСОФИЯНЫН ТАРЫХЫ

Добавил | 10.09.2017

ФИЛОСОФИЯНЫН ТАРЫХЫ (история философии) — социомаданий билимдин философиялык идеялардын пайда болуу ж-а өнүгүү процессин сүрөттөп жазып гана тим болбостон, аны илимий негизде түшүндүргөн, баалаган синтетикалык тармагы. Философиялык системалар келип чыгуусу ж-а маани-маңызы б-ча өз доорунун тажрыйбасын жалпылап, илимий корутундулаган окуулар болгондуктан, өзгөчө тарыхый болмушка ээ. Ошону м-н катар эле философиялык окуулар белгилүү бир мезгилдин чегинен чыкпайт ж-а түбөлүктүүлүккө умтулушат. Бийик гуманизмдин көз карашында Ф. т. дүйнөнүн адам тарабынан руханий түшүнүүнүн тарыхы болуп саналат. Философиянын бүткүл дүйнөлүк тарыхы ар кандай тилдерде, стилдерде ар түркүн проблематикаларды, жалпы маданий каада-салттарга ылайык козгогон улуттук формадагы философиянын жетишкендиктери м-н ачылыштарын өз кучагына алат.