АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ

Добавил | 11.09.2017

ТАБАЛДИЕВ Асанбек (1935, Нарын р-ну, Жергетал айылы — 1975, Бишкек ш.) — философия илимд. доктору (1971), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1974). КМУнун тарых факультетин бүтүрүп (1957), анда окутуучу, тарыхый материализм кафедрасынын башчысы, 1973-жылдан КСЭнин башкы редакторунун биринчи орун басары, башкы редактору, социологиялык илиздөө б-ча белгилүү адис. Анын ил. эмгектеринде улут маселеси, кыргыз элинин коомдук аң-сезим закон ченемдери изилденген. Т-дин чыгармачылыгында социалдык публицистика көрүнүктүү орун ээлеген. Табалдиев Асанбек атындагы “Ала-Тоо” журналынын редакциясы уюштурган (1989-ж.) ар беш жылда берилүүчү адабий ж-а илимий сыйлык белгиленген. Алгачкы лауреаттары: кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков кыргыз эл акыны С. Эралиев, орус окумуштуусу Ю. С. Худяков ж. б.