СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ

Добавил | 11.09.2017

СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ (лат. stratum — катмар. facere — жасоо) — коомдун структурасы боюнча социологиялык окуу. «Страта», же болбосо социалдык катмарга С. с. коом бөлүнөт. Бөлүүнүн негизги каналы ар түркүн белгилер кабыл алынат: экономикалык, саясий, биологиялык, рассалык, диний ж. б. стратификациянын кректерин талдоодо бирдиктүү ой социологдордун арасында жок. Коомду таптарга бөлүү С. с. түшүнүгүн камтыйт, мындай бөлүнүүнүн негизине эркин орчундуу эмес критерийлер коюлат. (мис., эмгектин түрү, үйдүн тиби, жашаган район, киреше өлчөмү). Кээ бир социологдордун оюнча С. с. өзгөрүүнү, өсүүнү мүнөздөйт. Анткени ал социалдык мобил-дүүлүктөн көз каранды.